Select your language

Агентство по Техническому Сотрудничеству и Развитию (АКТЕД)Франция Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн техникалык Кызматташтык жана Өнүгүү Агенттиги (ACTED), жеке, өкмөттүк эмес, саясий жана коммерциялык эмес уюм. Анын катталган юридикалык дареги: Франция, Париж, 75009, ст. Годот де Морой, 33

ACTED 1993-жылы куралдуу кагылышуулардан, табигый кырсыктардан, социалдык жана экономикалык кризистерден катуу жабыркаган калк арасында колдоо көрсөтүү жана алардын жашоо мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу максатында түзүлгөн. АКТЕДдин иш-чаралары негизги үч багытты камтыган: өзгөчө кырдаалда жардам берүү (суу менен камсыз кылуу, азык-түлүк коопсуздугу, баш калкалоочу жай, санитария жана коргоо), калыбына келтирүү (билим берүү, саламаттыкты сактоо, коомчулуктун инфраструктурасы, жашоо каражаттары) жана туруктуу өнүгүү. 2022-жылы ACTED 42 өлкөдө 17,8 миллиондон ашык жардамга муктаж жана жабыркаган адамдарга 553 миллион евродон ашык сумманы жардам берген жана колдоого алган (133 донордук уюмдардын 576 долбоорлору).


oxusОКСУС холдинг, OXUS топтомунун инвестициялык каражаты болуп саналат. Ал 2007-жылы ар кандай өлкөлөрдө ОКСУС микрофинансылык уюмдарынын ишмердүүлүгүн каржылоо үчүн түзүлгөн. OXUS Holding OXUS микрофинансылык уюмдарына капитал жана узак мөөнөттогу насыялар менен камсыз кылат.