Сиздерге сүйүнүч менен билдиребиз, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Эл аралык Эмгек Уюму / Турин шаарындагы Эл аралык окуу борбору (Италия) жана Тренерлер жана кеңешчилер Альянсы (АТиК) менен бирге Кыргыз тилинде каржылык сабаттуулук боюнча биринчи онлайн-курстун башталганын маалымдайт.
Онлайн-курс каржылык сабаттуулук боюнча жаңы билимдерди алууга кызыккан кеңири аудитория үчүн арналган, ал ар бир адамга, жашаган жери жана убактысы кандай болбосун, окуу материалдарына чектелүүсүз акысыз кирүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Өзгөчө басым үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүн үй-бүлөлүк каржыны пландаштырууга жана башкарууга тартууга жасалган. Курсун ийгиликтүү аяктаган катышуучулар электрондук сертификат алышат.
Онлайн-курс менен таанышуу үчүн бул шилтемени колдонсоңуз болот.
Каржылык сабаттуулук боюнча онлайн-курсу "Миграцияга кабылуучу аялдар жана кыздардын коомду инклюзивдүү жана тынчтыкты камсыздоочу өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү" аттуу биргелешкен долбоордун алкагында ишке ашырылган, ал Эл аралык Эмгек Уюму (ЭЭУ), Эл аралык Миграция Уюму (ЭМУ) жана UN Women тарабынан, Бириккен Улуттар Уюмунун Миростроительство фонду тарабынан каржылык колдоо менен ишке ашырылууда.
Курс 4 модулдан жана 15 өз алдынча окуу сессиясынан турат, ал биздин өлкөнүн регионалдык өзгөчөлүктөрүн эске алып иштелип чыккан жана каржылык сабаттуулук боюнча өлкөдөгү актуалдуу маселелерди камтып, элдин каржылык сабаттуулугунун кемчиликтерин толтурат.
ОКСУСтун туруктуулугунун кепили – биздин кызматкерлердин туруктуу өнүгүүсү, жана биз кызматкерлерибизге өзүнүн потенциалын толук ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга умтулабыз.
Жооптуу компания катары, биз кызматкерлерибизге кам көрүүгө, урматтоо жана адилеттүүлүк сыяктуу принциптерге таянат. Биз эң жакшы адамдарды тартып, сактап, өнүктүрүүчү жана мотивациялаган жумушчу чөйрөнү камсыз кылууга умтулабыз, алар Компаниянын милдеттерин чечип, жеке ийгиликтерге жетишет.
Компаниянын ички милдеттеринин бири – биздин кызматкерлерди камсыздандыруу. Биздин компаниянын кызматкерлери кырсыктан жана иш ордуна болгон өндүрүштүк жаракаттардан милдеттүү камсыздандыруудан өтүшөт. Компаниянын жетекчилиги камсыздандырууну иш учурунан тышкары дагы кеңейтүү чечимин кабыл алды. Ошентип, январь айында бардык кызматкерлер жана айдоочулар ЗАО "МКК ОКСУС" 24 саат бою, жумасына 7 күнгө чейин кырсыктан камсыздандырылды. Бул өзгөчө ыктымалдуу камсыздандыруу түрү.
Биз түшүнөбүз, биздин натыйжалар биздин кызматкерлерден, алардын кесиптик сапаттарынан жана максатка багытталгандыгынан көз каранды.