Кредиттик келишимге кол коюуга чейин кардардын укугу:
- Кредиттик келишим түзүлө турган тилди (мамлекеттик же расмий) тандоо.
- Кредиттик келишимди бардык тиркемелери менен колуна алуу, келишимди бир күндүн ичинде, бирок үч жумушчу күндөн ашык эмес убакытта таанышып чыгуу. Кардар компаниянын чегинен тышкары юридикалык кеңешке кайрылууга укуктуу.
- Төмөнкү маалыматтар боюнча түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн компаниянын кызматкерлерине кайрылуу:
- Кредит берүүнүн шарттары, анын ичинде кредиттик продуктунун толук баасы, кардардын тандоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде.
- Кредитке байланышкан бардык төлөмдөрдүн тизмеси жана өлчөмү.
- Кредиттик келишимдин шарттарын өзгөртүү тартиби, эгер мүмкүн болсо.
- Келишимге кол койгондон кийин, бирок каражатты ала электе, кредит алуудан акысыз баш тартуу мүмкүнчүлүгү.
Маанилүү эскертүү: Кардар кредиттик келишимге кол койгонго чейин анын бардык шарттарын кылдат изилдеп чыгып, өзүнүн финансылык мүмкүнчүлүктөрүн жана кредиттин максатын эске алуу менен чечим кабыл алышы керек.
Кредиттик келишимге кол коюп, компаниядан акча каражатын алгандан кийин, кардар төмөнкү укуктарга ээ болот:
- Карызды мөөнөтүнөн мурда эч кандай айып санкциясыз толугу менен же бөлүп төлөөгө укуктуу.
- Кредит боюнча чыныгы карыз, төлөмдөрдү эсептөө тартиби, анын ичинде айыптар жана айып санкциялары боюнча маалымат алуу.
- Кредитти узартуу же реструктуризациялоо өтүнүчү менен компанияга жазуу жүзүндө кайрылуу. Кардардын кредитти узартуу же реструктуризациялоо өтүнүчү боюнча жазуу жүзүндө кайрылуусунда, Компания өтүнүчтү карап чыгып, бул кайрылуу боюнча кабыл алынган чечимди жазуу жүзүндө арыз ээсине билдирүүгө милдеттүү.
- Кредиттин негизги суммасынын 50%дан көбүн төлөп берген учурда, калган карызды жабууга жетиштүү болсо, бар болгон күрөөнүн ордуна башка күрөө сунуш кылууга укуктуу.
Кардардын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- Алынган акча каражаттарын кредиттик келишимде көрсөтүлгөн максаттарга колдонуу.
- Кредитти жана пайыздарды кредиттик келишимде каралган мөөнөттөрдө кайтаруу.
- Кредиттик карызды өз убагында төлөбөө боюнча компания чыгымдарын төлөп берүү.
- Өзүнүн төлөө жөндөмдүүлүгү боюнча компанияга ишенимдүү маалымат берүү.
- Кредитти жана пайыздарды өз убагында кайтарууга таасир этиши мүмкүн болгон ар кандай өзгөрүүлөр жөнүндө компанияны маалымдоо.
- Жеке маалыматтардын өзгөрүшү (фамилиясы, аты, атасынын аты, паспорттук маалыматтары, каттоодогу дареги жана жумуш орду) жөнүндө компанияга мындай өзгөрүүлөр болгон учурдан тартып 10 күндүн ичинде билдирүү.