Select your language

30 мүнөттөн баштап
берилүүчү кредиттер
Мал чарбачылык же дыйканчылык менен алектенген жеке агро ишкерлер үчүн берилет
slide2
Кыска мөөнөт ичинде бизден кредит алыңыз
Кепилдиксиз жана комиссиясыз 100 000 сомго чейин кредит алыңыз
slide1
Облигацияларга
инвестиция кылыңыз
slide3

Кредитти кантип алса болот?

Биринчи кадам
Өтүнмөнү толтуруңуз
Жөнөкөй жана тез өтүнмөнү толтуруңуз
Экинчи кадам
Жоопту күтө туруңуз
Компания сиздин өтүнмөңүз боюнча 24 сааттын ичинде чечим кабыл алат
Үчүнчү кадам
Келишимге кол коюңуз
Арызда көрсөтүлгөн филиалга келип, келишимге кол коюңуз
Төртүнчү кадам
Акчаңызды алыңыз
Акчаңызды накталай алыңыз

Эмне үчүн биз?

Кредитти тез арада алуу
Бир сааттын ичинде 50 миң сомго чейин микрокредит алыңыз
Өтүнмөнү жеңил берүү
Өтүнмөнү толтуруп, акчаңызды алыңыз
Ылайыктуу пайыздар
Туруктуу кардарларга пайыздык чендер боюнча ийкемдүү мамиле жасалат

Кредиттер

Жашыл кредиттер
28,08% баштап
жыл сайын
3 айдан 48 айга чейинки мөөнөткө
Бизнес кредиттер
28,08% баштап
жыл сайын
3 айдан 48 айга чейинки мөөнөткө
Агро кредиттер
28,08% баштап
жыл сайын
3 айдан 48 айга чейинки мөөнөткө
Керектөө кредиттери
32,76% баштап
жыл сайын
3 айдан 36 айга чейинки мөөнөткө
Билим алууга багытталган кредит
37,2% баштап
жыл сайын
3 айдан 12 айга чейинки мөөнөткө
Турак жай кредиттери
32,76% баштап
жыл сайын
3 айдан 48 айга чейинки мөөнөткө
IFC компоненттери менен турак жай кредиттери
32,76% баштап
жыл сайын
3 айдан 48 айга чейинки мөөнөткө
Мигрант кредити
37,2% баштап
жыл сайын
3 айдан 6 айга чейинки мөөнөткө

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эскертет

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эскертет: Телефон чалуу менен алдамчылык фактылары көбөйдү

Телефон чалуу аркылуу жарандардын ишенимине кирип ар кандай ыкмаларды колдонуп, шылуундар сиздин эсебиңизден акчаңызды уурдап же андан ары сизге онлайн кредит тариздетип алууну көздөп жатышат. 

Бул кантип ишке ашырылат? 

Биринчи кезекте өзүн коммерциялык банктын кызматкеримин деп тааныштырган адам жаранга телефон чалып, жеке маалыматтын ачыкка чыгышы же анын атынан онлайн кредит алуу үчүн кайрылган үчүнчү жактар жөнүндө кабарлайт. Андан кийин Улуттук банктын (же башка мамлекеттик органдын) кызматкери болуп таанышкан адам кошулат да, акчаны сактап калуу зарылдыгын шылтоолоп, жабырлануучуну акчасын коопсуз, корголгон эсепке которууга чакырат. Ошол эле учурда алдамчылардын телефон номерлери жасалма болушу мүмкүн. Ынандыруу үчүн, алар логотип белгиси менен Улуттук банктын жетекчилигинин колу коюлган жасалма күбөлүк же башка документти жөнөтүшү мүмкүн. Ошол эле учурда, шылуундардын курмандыгы болгон жаран алдамчылардын көрсөтмөсү боюнча онлайн-кредитти тариздөө же акча которуу операцияларын өз колу менен аткарат.  

Өзүңдү кантип коргой аласың

1. Эгерде сизге өзүн банктын, Улуттук банктын же башка мамлекеттик органдардын кызматкери катары тааныштырган адам телефон чалып, жеке маалыматтарыңыздын сыртка чыгып кетиши же сизге онлайн кредит уруксатсыз таризделгендиги тууралуу билдирсе, сүйлөшүүнү токтотуңуз. Эгерде сиз андан ары сүйлөшүүнү туура көрсөңүз, сүйлөшүү учурунда экранды көрсөтпөңүз, жеке (жашыруун) маалыматыңызды (ИСН, коддор, ПИН коддор ж.б.) бербеңиз, өзүңүз жөнүндө эч кандай маалыматты ырастабаңыз. Ошондой эле мессенджерлердеги белгисиз номерлерден келген видео чалууларга жооп бербей, бейтааныш адамдардын сунушталган, текшерилбеген интернет-шилтемелерге кирбегениңиз жакшы. 

2. Эгерде мындай чалуу шектенүү жаратса, банктардын веб-сайтында, мобилдик тиркемелерде көрсөтүлгөн расмий номерлерге чалышыңыз зарыл же банктын жакынкы офисине кайрылышыңыз керек; 

3. Банктар жана Улуттук банк эч качан онлайн кредиттерди уруксатсыз тариздөөгө же жеке маалыматтардын сыртка чыгып кетишине байланыштуу чалбай тургандыгы жана мессенджерлер аркылуу кызматкерлердин күбөлүгүн же дагы башка документин жөнөтпөй тургандыгы эсиңизде болсун; 

Эгерде сиз шылуундардын курмандыгы болуп калсаңыз, эмне кылуу керек? 

Эгерде сиз алдамчылыктын курмандыгы болуп калдым деп ойлосоңуз, банкка болгон окуя тууралуу дароо кабарлап, банктык картаны же эсепти бөгөттөп коюну суранышыңыз зарыл жана тез арада укук коргоо органдарына арыз менен кайрылышыңыз керек. 

ЭСТЕП КАЛЫҢЫЗ! 

Алдамчылардын схемалары ар кандай болушу мүмкүн, бирок башкы максаты - сизди ишендирип, эсебиңиздеги акчаны котортуу үчүн сизди адаштыруу. Сиз акчаңызды которгон учурда, шылуундар максатына жеткен болот. 

МААНИЛҮҮ

Керектөөчүлөр үчүн маанилүү маалыматтар жайгаштырылуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына www.nbkr.kg жана Улуттук банкын социалдык тармактардагы расмий баракчаларына: Инстаграм-nbkr_kg; Facebook жана Telegram каналдарына көз салып туруңуз. 

Веб-сайттарда жана мобилдик тиркемелерде ФКУ жаңылыктары жана билдирүүлөрү менен таанышып туруңуз.

Финансы-кредит уюмдарынын иш-аракеттерине даттануу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмүнө төмөнкү номерлер боюнча кайрылсаңыз болот: 0770 737349, 0555 855 748, 0312 31 31 89; 0312 31 31 22; 0312 31 29 48

Суроолорго жооп

Насыя 3-60 айга чейин берилет

Биздин бардык филиалдарыбыздан насыя ала аласыз

  1. Кассалар аркылуу: ОКСУС, Керемет Банк
  2. Мобилдик тиркемелер аркылуу: Компаньон, Bakai, O!Деньги, MegaPay, Balance, Optima Bank
  3. Терминалдар аркылуу: O!Деньги, Pay24, Oной, Компаньон, Quick Pay, Керемет Bank, Optima Bank, MegaPay, Bakai
Төлөө ыкмалары

  1. 18 жаштан баштап
  2. Учурда алты айдан кем эмес иштеп жаткан бизнес
  3. Туруктуу киреше

  1. Карыз алуучунун/паручительдин ID паспорту
  2. Ишкердик жүргүзүүгө уруксаттар: патент/күбөлүк/лицензия
  3. Карыз алуучунун акыркы 6 айдагы эмгек акысы жөнүндө маалымкат/справка (эгер бар болсо)
  4. Карыз алуучунун/кепилдик берүүчүнүн жубайынын макулдугу (50 000 сомдон жогору кредит үчүн)

Сын-пикирлер