Досонов Равшан Салыевич Жалал-Абад Коммерческий институтун аяктаган, адистиги "Бухгалтердик эсеп жана аудит", андан кийин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы тарабынан MBA даражасын алган. Франкфуртск каржылоо мектебинин чакан каржылоо, тобокелдиктерди башкаруу күбөлүгүнө ээ. Ал тастыкталган бухгалтер практик (САР) болуп саналат, Кыргызстандын Бухгалтерлер жана текшерүү бирикмесинин мүчөсү. 1998-жылы Кыргызстанда эл аралык өнүктүрүү долбоорлорунунда бухгалтердик кесиптен эмгек жолун баштаган. 2009-жылы ал "Биринчи микрокредиттик компаниясы" (тармактык AKAM) каржылык контролеру жана тобокелдик-менеджери болуп иштеген, андан кийин 2014-жылдын март айында, ал ОКСУС Кыргызстан командасына кошулган.