Денис Алексеевич финансы жана менеджмент тармагында тажрыйбалуу адис. Компаниядагы ролунан тышкары, ал бир нече уюмдардын: Кыргызстандагы Микрофинансылык Уюмдардын Ассоциациясы жана OXUS Афганистандын Башкармалыгынын мүчөсү болуп иштейт.
Буга чейинки иш тажрыйбасында консалтингдик жана банктык сектор, анын ичинде ProCredit банктын тобунда кредиттик менеджмент жана ички контролдоо боюнча жетекчилик кызматтарды ээлеген.
Кыргызстандагы Америка университетин бизнести башкаруу багытында бүтүруп, Universitaet Trier магистратурасын аяктаган. Люксембургда House of Training ATTF тобокелдиктерди башкаруу боюнча жана ProCredit Академиясында кошумча окуудан өткөн.
Владислав Сергеевич эл аралык компанияларда иштөөдөн тартып жеке ишкерликке чейин консалтинг жана каржы тармагында чоң тажрыйбага ээ. Ал өзүнүн эмгек жолун банктын насыя бөлүмүндө стажер болуп баштаган жана тез арада Deloitte & Touche компаниясында улук аудитор катары жооптуу кызматтарга жеткен.
Борбордук Азиядагы Америка университетинде бизнести башкаруу боюнча бакалавр даражасын алган. Бул тармакта аудит, финансылык анализ, бизнести өнүктүрүү боюнча консалтинг жана портфелди башкаруу билимин алган.
Равшанбек Салевич эмгек жолун Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинде (АРИС) каржы менеджери болуп баштап, андан кийин Биринчи микрокредиттик компанияга өтүп, анда финансылык контролер жана тобокелдик менеджери кызматтарын аркалаган.
Ал өзүнүн профессионалдык жолун биздин Компанияда улантып, анда финансы тармагында иштеп учурда тобокелдиктерди башкаруу бөлүмүн жетектеп келет.
Тобокелдиктерди башкаруу жана финансы жаатындагы тажрыйбасы, өз тармагында жогорку квалификациялуу адис катары бааланат.
Жалал-Абад коммерциялык институтунда бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча бакалавр даражасын алып, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу Академиясында бизнести башкаруу боюнча МВА даражасына ээ болгон.