Select your language

Кардарларды коргоо принциптери – бул Компанияга кайрылганда кардар күтө турган негизги кызмат көрсөтүү стандарттары.

ЖАК "МФК ОКСУС" өз ишмердүүлүгүн ачык-айкындуулук жана кардарларга кам көрүү принциптеринин негизинде жүргүзөт жана өз ара ишенимге, түшүнүүгө жана урматтоого негизделген узак мөөнөттүү өнөктөштүк мамилелерди түзүү үчүн чоң аракеттерди жумшайт.

Кардарларга багытталган жүрүм-турум эрежелери төмөнкү 7 принципти камтыйт:

  • Продукттарды кардарлардын муктаждыктарына жана мүмкүнчүлүктөрүнө шайкеш келтирүү
  • Чектен тышкары карызга батууга жол бербөө
  • Ачык-айкындуулук
  • Жоопкерчиликтүү баа түзүү
  • Кардарларга адилеттүү жана сый мамиле жасоо
  • Кардарлардын маалыматтарын жашыруун сактоо
  • Нааразылыктарды чечүү механизмдери