ЖАК «МФК ОКСУС» «Бүткүл дүйнөлүк аманат күнүнө» карата оюнга катышты!

2024-жылдын 28-октябрында ЖАК «МФК ОКСУС» Депозиттерди коргоо агенттигинин колдоосу менен КРУБ тарабынан уюштурулган «Бүткүл дүйнөлүк аманат күнүнө» карата оюнуна катышты!
Бул сонун иш-чара финансылык сабаттуулукту жогорулатууга жана каржыны башкарууну үйрөнүүгө умтулган пикирлеш адамдарды чогултту.
Иш-чаранын оюн формасы окууну кызыктуу кылып, катышуучуларга үнөмдөө боюнча тажрыйба жана идеяларды алмашууга мүмкүндүк берди.
Биз бул маанилүү демилгенин бир бөлүгү болуп, коомдо финансылык маданиятты калыптандырууга салым кошуп жатканыбызга сыймыктанабыз.
Сарамжалдуулук жөн эле адат эмес, бул финансылык коопсуздукка жана туруктуулукка алып баруучу жол.
Ар бирибиз финансылык сабаттуулукту жогорулатууга өз салымыбызды кошо алабыз жана бул сыяктуу иш-чаралар мында негизги ролду ойнойт.
Келгиле, каржылык көз карандысыздык жолунда бири-бирибизге билим берип, дем берели!